Каинды шаарынын тургуну жана коомдук ишкер Бекбүбү Асанкулова тарыхый булактарга таянып, Курама Бошкой уулунун өмүр жолу жана анын эл үчүн кылган кызматы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Курама ата Чүй өрөөнүндө алгачкы медресени курган адам катары белгилүү.
Курама Бошкой уулу 1820-жылы Талас облусунун Кара-Кыштак айылында төрөлгөн. Анын атасы Бошкой болсо, ата-бабалары Канай, Түлөберди, Жамансарт, Талкан, Чаа, Солто, Эштек, Богорстон жана Тагай бий катары белгилүү.
XIX кылымдын ортосунда атасы Бошкой бий каза болгондон кийин, эл Курамага Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгүнүн волостной башкаруучусу (болуш) болуп шайлаган. Ошол мезгилде аймакта Коканд хандыгынын эки башка бийлиги болуп, эл катуу кысым астында калган.
Анда элдин мал-жандыктары тартып алынып, эркектер кулдукка салынган. Курама ата өзүнүн акылмандыгы жана сүйлөшүү жөндөмдүүлүгү аркылуу Коканд бийлиги менен макулдашып, элди кандуу согуштан жана кулчулуктан сактап калууга аракет кылган.
Бирок Коканд хандыгынын зомбулугуна элдин чыдамы жетпей калганда, Байтик баатыр кыргыз баатырларын, анын ичинде Кураманы жана анын балдарын чогултуп, Пишпек шаарында Коканд башкаруучусу Рахматуллону өлүм жазасына тартуулаган.
- Курама Бошкой уулунун урпактары: Данакер, Бердике, Турдумбет, Эгемберди, Канат, Султанкул, Абдыкул, Сарымсак, Жанузак, Турдукул, Үмөталы, Жолдошбек, Матикан, Төрөбек, Сыдык, Асан



















