Кызыл-Кыштак МТУсунун тургундары аймакта поликлиниканын зарылчылыгы өтө жогору экенин билдиришти. Ошондой эле мектептердин жетишсиздиги жана жолдордун абалы дагы деле актуалдуу маселе болуп саналат.

Ош шаарынын мэри Акаев мектептер боюнча маселелер чечилгендигин белгилеп, ушул жылы Кызыл-Кыштактын өзүндө 9 мектеп курулуп жатканын айтты.

Мектептердин абалы

9мектеп курулуп жатат
1пайдаланууга берилди
218-ноябрда ачылат

Мэрдин билдирүүсүнө ылайык, «Жаннат» мейманканасынын жанында Россия тарабынан 60 миллион долларлык мектеп курулууда. Шаар өкүлү бул иштерди тездетүүгө чакырганын белгиледи. Мындан тышкары, Осмонов көчөсүндөгү транспорттук түйүн жана башка бир катар объекттердин курулушу жүрүп жатат.

Поликлиниканы мурда бул жерде мектеп куруп берген спонсорлордун бири куруп бериши мүмкүн.
Акаев

Мэрдин айтымында, мектеп маселелери чечилген болсо, ал эми поликлиника боюнча спонсорлордун көмөгүн күтүү мүмкүнчүлүгү бар.