Ош шаарынын мэри жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды баштай баштады. 11-ноябрдан тарта өтүп жаткан бул жолугушууларга Ош шаардык кеңешинин төрагасы, шаардык ИИБ бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле шаардык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери катышууда.
Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкаруусунун аймагында, С. Айни көчөсүндө жайгашкан №47 мектепте окуучулардын саны өтө көп экени айтылды. Тургундардын айтымында, мектептин сыйымдуулугу чектелген, бирок окуучулардын саны андан бир топ ашып кеткен.
Мектептин көрсөткүчтөрү
Мындан тышкары, мектептин жанындагы жол коопсуздугуна да көңүл бурулду. Тургундар балдардын жолдон өтүүсү кыйын болуп жатканын жана ал жерде пешеходдук өтмөк зарыл экенин белгилешти.
Шаар мэри бул маселе карала тургандыгын билдирди. Ал муниципалдык жолдор башкармалыгына тиешелге жерде пешеходдук белгилерди чийип берүүнү тапшырды.




















