Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин токтомуна ылайык, Ош шаарындагы 10,22 гектар сугат жерлери айыл чарба категориясынан калктуу конуштардын категориясына которулду. Бул чечимдин негизинде аталган аймакта көп кабаттуу турак жайларды, административдик имараттарды жана калкка тейлөө борборун куруу пландалууда.
Токтомдо көрсөтүлгөндөй, Ош шаарынын № 1244 контурунда жайгашкан төрт жер участугу жөнүндө сөз болуп жатат. Алардын ичинен 0,2 гектары мамлекеттик менчикте, ал эми 10,02 гектары муниципалдык менчикте турат.
Жер категориясын өзгөртүүгө Ош мэриясынын 2026-жылдын 8-сентябрындагы токтому жана жер участуктарын трансформациялоо боюнча шаардык комиссиянын 4-сентябрда берген корутундусу негиз болгон. Мэрияга жер-эсеп документациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана шаар куруучулук документтерди иштеп чыгуу тапшырылды.
Маанилүү шарт: жерлерди пайдалануучулар жоготтулган айыл чарба жерлерин сөзсүз түрдө компенсациялоосу керек. Жер пайдалануучу үч жылдын ичинде өз каражатынын, карыз же инвестициялык каражаттардын эсебинен ушул жердин аянтына барабар болгон жаңы сугат жерлерин өздөштүрүп, аны Мамлекеттик айыл чарба жерлери фондуна кошуп бериши зарыл.









