Ош облусунун ИИМ катталган маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы видеолорду карап чыгуу учурунда жаштардын салтанаттуу иш-чарага тапанча менен келгени аныкталган. Бул окуя боюнча милиция текшерүү жүргүзгөн. Ош облустук ИИБде билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында эки жаш жигиттин ким экендиги белгиленди.

2004жашы
2005жашы

Аныкталган жаштар тергөө кызматына алып келип, суракка алынган. Тартылып алынган курал экспертизага жөнөтүлдү. Алгачкы маалыматтарга караганда, ал Макаров тапанчасына окшош болгону менен, зыяндуулугу чектелген курал болушу мүмкүн.

Учурда милиция бул жаштар куралды кайдан алгандыгын аныктоо үстүндө иштеп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат.