Ош шаарындагы «Жибек Жолу» базарында көп жылдан бери колдонулбай, аренда акысы төлөнбөгөн соода жайлары бошотулуп жатат. Бул тууралуу шаардык базарлар дирекциясынан кабарлашты.

Базарда жалпы 1300дөн ашуун соода орду болсо, азыр алардын ичинен болгону 200-300дөй иштейт. Калган 1000дей жайлар пайдаланылбай келет.

Мекеме билдиргендей, көптөгөн ишкерлерге эски базардан жаңы «Жибек Жолу» базарына акысыз соода жайлары берилген. Бирок алардын көбү бир жылга жакын убакыттан бери өз соода орундарын ачкан эмес жана аренда төлөмдөрүн да жүргүзүшкөн эмес.

Мындан улам, мэрия жардамында ошол өз убагында колдонулбай турган соода жайлары бошотулуп, алар активдүү иштөөгө даяр болгон жаңы ижарачыларга өткөрүлүп берилмекчи.

Дирекциянын маалыматы боюнча, базардагы бул өзгөрүүлөр учурда гана «Жибек Жолу» базарына тиешелүү болуп, шаардагы башка базарларда, мисалы, борбордук базарда ордулар толугу менен иштеп жатат. Ал эми жакында ачылган «Келечек» базарында да кээ бир жайлар бош турат, бирок аларда жайларды алып жаткан жеке инвесторлор бар.