Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Мадина» рыногу 1-августтан баштап чоң масштабдуу оңдоп-түзөөдөн өтмөкчү. Бул пландын алкагында ишкерлердин кыймылы жана мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүүдө.
Жолугушуунун катышуучулары — «Мадина» рыногунун ишкерлери, вице-мэр Атай Муратбек, Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев жана жаңы соода комплекстин жетекчилиги болду. Аларда 100дөн ашуун адам катышкан.
Ишкерлер жаңы жай — «Ала-Тоо» соода комплексинин инфраструктурасы толук даяр эместигин жана негизги уюштуруу маселелеринен бир дагысы чечилбегенин белгилешти. Алар азыркы шарттарда сооданы үзгүлтүксүз жүргүзүү мүмкүн эместигин айтып чыгышты.
Бишкек мэриясы «Мадина» рыногун убактылуу жабууну оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу гана көрүп жатканын билдирип келет. Толук түрдө базарды кулатуу жана жокко чыгаруу көздөлүүдө деген маалыматтар четке кагылды. Бирок арендачылардын арасында чыңалуу дагы деле бар.
Ошондой эле, бийлик Ош базарын шаардан тышкары жакка көчүрүү планын да жарыялашты. Анын натыйжасында Орто-Сай жана Аламединдиӊ соодагерлери да базарлары жабылып калышы мүмкүн деген чочулоолорду айтып чыгышууда.
Ушул жагдайлардын фонунда Орто-Сай жана Аламедин базарларынын келечеги белгисиз бойдон калууда. Ишкерлер курулган жаңы базарларга көчүү маселесин чечүүгө жана шарттарды жакшыртууга чакырышат.







