Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы жаңы транспорттук түйүндүн курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте балкаларды орнотуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Бул долбоор жолдордогу тыгындарды азайтууга жана пешеходдордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Долбоордун алкагында унаалардын эркин кыймылы үчүн атайын айланма жолдор да каралган.

Долбоордун параметрлери

6603чарчы метр
4пандус
8тепкич

Жаңы объекттин курамына жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү да кирет. Курулуш иштеринин темпи жол кыймылын тез арада жакшыртуу үчүн жогорулатылып жатат.