Ош шаарында мейманканаларда жана ижарага берилүүчү үйлөрдө рейддик иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Ош облусунун ИИМ билдирди.
Өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн негизги максаты — мейманкана кызматтарын көрсөтүү жана турак жайларды ижарага берүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо. Ошондой эле, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу каралган.
Бул иш-чаралар Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тескемелеринин талаптарын аткаруу максатында ишке ашырылууда.











