Ош технологиялык университетинде өткөн «Туруктуу шаар — коопсуз чөйрө: экологиялык демилгелер жана инновациялык чечимдер» аттуу форумда шаардын экологиялык абалы талкууланды. Адистердин маалыматы боюнча, шаардагы жашыл зоналардын азайышы урбанизациянын күчөшү менен түздөн-түз байланыштуу.
Ош технологиялык университетинин профессору Бакытбек Шамшиевдин айтымында, жашыл насааттардын азайышына шаардын жигердүү курулуш иштери, жолдордун кеңейтилиши жана автоунаалардын санынын көбөйүшү себеп болууда.
Спутниктик сүрөттөрдү 2003-жыл менен 2023-жылга салыштыруу көрсөткөндөй, Насирдин Исановдун атындагы скверде, студенттик шаарчада, «Туран» жана «Манас-Ата» микрорайондорунда, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө жашыл катмар кыйла азайган.
Дарактардын абалына коркунуч келтирген факторлор
Изилдөөлөр дарактарды күтүүдөгү маселелерди да ачып чыкты. Арыктардын бүтөлүп калышынан сугаруунун үзгүлтүккө учурашы, курулуш учурунда тамырлардын жабыркашы, бутактарды туура эмес кыскартуу жана топурактын асфальт менен бетондун астында катуулашы дарактардын алсырашына алып келүүдө.
- Дарактардын кулашы
- Курулуштардан улам жашыл зоналардын кыскарышы
- Сугаруунун жетишсиздиги
- Туура эмес бутак кыскартуу
- Жайкы кургакчылыктын күчөшү
Адистер Ош шаарын жашылдандыруу үчүн ысыкка туруктуу өсүмдүк түрлөрүн колдонууну сунушташууда.









