Жогорку Кенештин тиешелүү комитети жашыл өсүмдүктөрдү сактоо жана көбөйтүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алды. Документтин максаты — шаарлардын жана айылдардын жашыл аймактарын сактоо жана аларды системалуу түрдө көбөйтүү.

Демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин айтымында, курулуш компаниялары кесилген ар бир дарак үчүн беш дарак отургузуп, аларды үч жыл бою кам көрүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Отургузула турган жерлерди жергиликтүү бийлик органдары аныктайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү бийлик органдары эки жылдын ичинде бардык дарактарды инвентаризациялоодон өткөрүп, алардын электрондук маалымат базасын түзүшү керек.

Ошондой эле, ар бир жарандын үстүнө кеминде 14 чарчы метр жашыл аймак камтылышын камсыздоо сунушталууда. Бул көрсөткүчти жеткирүү үчүн жашылдандырууну жер менен гана чектелбестен, имараттардын чатырларында да жүргүзүү зарыл экени белгиленди.

Советтик мезгилде бир адамга 22 чарчы метр жашыл аймак туш келчү. Тилекке каршы, азыр биз мындай көрсөткүчкө жете албай жатабыз. Кеминде 14 чарчы метрге жетүү да жакшы болмок. Климат өзгөрүп жаткандыктан, жашылдандырууну имараттардын чатырларында да жүргүзүүгө туура келет.
Дастан Бекешев, демилгечи

Учурдагы абалды салыштыруу үчүн «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын маалыматына таянсак, шаардыктардын ар бирине болжол менен 6 чарчы метр жашыл аймак туш келет. Ал эми эл аралык стандарттар 24 чарчы метрди талап кылат.

Жашыл аймактардын нормалары

14чарчы метр (минималдуу норма)
22чарчы метр (советтик мезгилде)
6чарчы метр (Бишкектеги учурдагы көрсөткүч)
24чарчы метр (эл аралык стандарт)