Ош шаарында аферист катары шектелген бир жаран кармалды. Ал өзүн таасирдүү адам катары тааныштырган жана атасына уулун соттон бошотууну убада кылган.
Милициянын маалыматына ылайык, ал өз кызматтарын көрсөтүү үчүн 552 миң сом алганы белгиленди. Бирок ал каражаттарды өз муктаждыгына жумшап, убадасын аткарган эмес.
Ачыкталгандай, шектүү буга чейин Россияда тоноп алдоо фактысы боюнча соттолгон жана бир нече жолу алдамчылык кылган үчүн жоопко тартылган.
Учурда шектүүгө кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды.











