Ош шаарында шаардын генералдык планын иштеп чыгуу боюнча даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги билдирди.

16-ноябрда өткөн жумушчу кеңешмеге Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Тилек Кадыкеев, Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө генералдык планды иштеп чыгуу боюнча алдын ала материалдар сунушталды, ошондой эле долбоорлоонун негизги багыттары жана алдыдагы милдеттери талкууланды.

Алдыдагы бир нече жумушчу күндүн ичинде Шаар куруу жана архитектура департаментинин өкүлдөрү муниципалдык кызматтар жана профилдик мекемелер менен биргеликте түздөн-түз жер-жерлерден изилдөө жүргүзүшөт.

Бул иштер Ош шаарынын учурдагы шаар куруу абалын изилдөөгө, колдонуудагы материалдарды тактоого жана генералдык планды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоого багытталган.