Таш-Кумүр ГЭСинде жарандык коргонуу боюнча практикалык машыгуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара «Электр станциялары» ААКсынын филиалы тарабынан иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылды.
Машыгуунун негизги темасы — суу ташкыны коркунучу жаралган же ал пайда болгон учурда ГЭСтин жетекчилигинин, диспетчердик кызматтын, кызматкерлердин жана авариялык-куткаруу топторунун аракеттерин иштеп чыгуу болду.
Иш-чара учурунда катышуучулар табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурдагы аракеттерди, кызматкерлерди өз убагында кабарлоо жана эвакуациялоо тартибин иштеп чыгышты.










