Ош шаарында Ош жана Жийделик көчөлөрүн кеңейтүү жана айлана-чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы министрлиги билдирди.
Ош облусунун шаар курулуш башкармалыгы көчөлөрдү кеңейтүү, тротуарларды куруу, жашыл зона түзүү жана сейил бактарды уюштуруу үчүн эскиз долбоорлорду иштеп чыкты.
Азыркы учурда жолду кеңейтүүнүн аймагында жайгашкан имараттар алынууда жана талкаланууда.
Долбоор боюнча көчөлөр төрт тилкелүү магистральга айланып, заманбап тротуарлар курулуп, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган. Мындан тышкары, көчөлөр боюнча жарык системалары жана шаардык инфраструктуранын башка объектилери орнотулат.
Министрлик бул долбоор Ош шаарындагы транспорт жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле жашоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.
















