Ошто биринчи курстун эки студентин сабап салган үч колледж студенти кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Шектүүлөр 15–16 жашта, алар Ош технологиялык университетинин алдындагы колледждин студенттери.

Милициянын маалыматы боюнча, инцидент 27-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) спорт аянтчасынын жанында болгон. Жабырлануучулар — ушул эле университеттин биринчи курсунун студенттери.

Иштин иликтенишине себеп болгон нерсе — бир жигитти сабап жаткан видео. Ал видеолор социалдык тармактарга тарап, милиция текшерүү баштаган.

Милиция мушташка катышты деп шектелген үч адамдын өздүгүн аныктады. Алар — 2010 жана 2011-жылдары туулган колледж студенттери. Алардын бири мушташты уюштурган деп шектелүүдө.

Үч студент милицияга жеткирилди. Учурда окуянын жагдайлары такталууда. Жабырлануучулардын жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.