Ош шаарына Европадан 10 миң көчөт алынып келинди. Алардын ичинен гинкго билоба, тюльпан дарагы, акация сыяктуу он түрдүү декоративдик дарактар бар. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын жетекчиси Азамат Советбек уулу билдирди.
Көчөттөр азыр шаардын питомнигинде 1 гектар жерге отургузулду. Ал жерде алар эки жыл бою өстүрүлүп, андан соң шаар көчөлөрүнө көчүрүлөт.
Көчөттөрдү сатып алуу шаардык бюджетти үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ар бири болжол менен 1 миң сомго бааланды. Эгерде шаар көчөгө отургузууга даяр чоңойгон дарактарды сатып алса, бир көчөттүн баасы 200 доллардан ашмак.
Жашылдандыруу боюнча башка иштер
Мэриянын маалыматы боюнча, ушул жылдын жети айында Ошто 30дан ашык сквер жана эс алуу жайлары жаңыланып, көрктөндүрүлдү. Жашыл аймактардын аянты 50 гектардан ашык көбөйдү.
10 000 көчөт Европадан алынып келинген көчөттөрдүн саны
Бул көчөттөр эки жылдан кийин шаар көчөлөрүн кооздойт.















