Курманбек Жороев 1952-жылы 25-декабрда Ош облусунун Ленин районуна (азыркы Ноокен району) караштуу Сакалды айылында туулган. 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун Кыргыз ССРинин Юстиция министрлигинде сот органдары башкармалыгынын консультанты болуп баштаган. 1980-жылы Сокулук райондук элдик сотунун судьясы болуп шайланган.
1987-жылы июнда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан Фрунзе шаардык сотунун судьясы болуп шайланган. 1990-жылы Жогорку Советинин пленардык отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланып, 2000-жылга чейин иштеген.
Эл аралык жана мамлекеттик кызматтар
- 2000-жылы КМШнын Экономикалык сотунун судьясы болуп шайланган.
- 2006–2007-жылдары КР Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары кызматын аркалаган.
- 2007-жылы мартта кайрадан КР Жогорку сотунун судьясы болуп шайланып, ошол эле жылы судьянын жогорку квалификациялык классы ыйгарылган.
- 2016-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин иштеген.
Курманбек Жороевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.













