Жогорку Кеңештин депутаттарынын комитети 6-октябрь күнү соттук-укуктук маселелер боюнча маалыматты карап чыккан. Бул жыйындын негизги темаларынын бири — алименттерди талап кылуу жана соттук актыларды аткаруу мыйзамдары боюнча мамлекеттик органдардын иши болгон.
Сот чечими боюнча жолугушуу мүмкүнчүлүгү
Депутат Жылдыз Курманалиева Ош облусунун тургунуна байланыштуу маселени көтөрүп, ал сот чечими боюнча балдары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк табылбаганын билдирди. Анын айтымыша, сот чечими боюнча балдар атасы менен жашашы керек жана тургун жумакы күндөрү балдары менен жолугушууга укуктуу болушу керек.

















