Деппартамент тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 18 миллион 153 миң сомдук чаралар көрүлүп, 2 миң 397 санитардык көрсөтмө берилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова Жогорку Кенештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Азыркы учурда мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн алдында жалпы 36 миң 505 объект турат. Алардын ичинен 15 миң 321 объекти тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүнө таандык.

Тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү объекттер

1 188тамак-аш өнөр жайы ишканалары
5 201коомдук тамактануучу жайлар
8 468соода объекттери
177базарлар

Текшерүүлөрдүн жыштыгы объекттин тобокелдик категориясына жараша белгиленген. Мисалы, жогорку тобокелдикке ээ болгон ишканалар, анын ичинде мектептер жана коомдук тамактануучу жайлар жылына экиден көп эмес текшерилет. Орто тобокелдиктеги объекттер жылына бир жолудан ашык эмес, ал эми төмөн тобокелдиктегилер эки жылда бир жолудан ашык эмес текшерилет.

Мурда текшерүүлөргө мораторий колдонулган, бирок Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен чектөөлөр алынган. Натыйжада, төртүнчү кварталдын башында контролдук иш-чаралар активдештирилген.