Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖКК) Ош шаарында афган гашишин мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Операциянын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, эки адам кармалгандыгы маалымдалды.