Бишкек шаарында Васильевский тракттын оңдоп-түзөө иштери баскыч менен жүргүзүлүүдө. Учурда жолду реконструкциялоонун төртүнчү этабы башталды.
Мэриянын маалыматына караганда, биринчи этап 23-июндан 26-июнга чейин ишке ашып, жолдун 8 километр аралыктагы бөлүгү жаңыртылган.
Төртүнчү этапта Манас эл аралык аэропортунан Манас айылына чейинки жолдун чыгыш тарабында жолдун кыймылы убактылуу токтотулат. Унаалар кыймылды карама-каршы тарабынан жүргөзүү уюштурулат.
Толук түрдө жол жабылбайт. Жөндөлүү иштери жүрүп жаткан маалда эки багытта да унаалар бир эле тараптан өтөт.
Шаар бийлиги жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөрдү эске алууга, жол белгилери менен жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн сактоого жана сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.













