БишкекМанас аэропортуна бара турган жолдо асфальт жаӊылоо иштери уланып жатат. Азыркы учурда жолдун батыш тарабында жаңы асфальт төшөөгө дээрлик бүттү, унаалар чыгыш тарабынан жүрүп жатат.

Жолдун ремонт иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп жатат. Биринчи этапта 8 чакырым узундуктагы жол бөлүгү 23-26-июнда оңдолду.

Экинчи этапта Фучика көчөсүнөн баштап аэропортко чейинки участокто ремонт жүргүзүлдү (27-июндан 4-июлга чейин). Ал эми 5-12-июлда Комсомольская көчөсүнөн БЧКга чейинки 7 чакырымдык жол жаңыланды.

13-июлдан баштап төртүнчү этап башталат. Ушул этапта аэропорттон Манас айылына чейинки чыгыш тараптын жол бөлүгү жабылат, унаалар айланып өтүүчү жол менен жүрүшөт.

Жол контролчүлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана жол белгилерин сактап, убакытты алдын ала пландап кыймылдоого үндөлүүдө. Ремонт учурунда толук жол жабылбайт, эки тараптуу кыймыл бир жактан уюштурулат.

Мындан тышкары жол булакчалары — көпүрө, съезддер, подъезд жолдору, жол четтери, жашыл аймактар да жаңылоодон өтүүдө. Бардык иштер август айында аяктары күтүлүүдө.