Кыргызстан менен Беларусьнын региондор форумунун алкагында Ош жана Гомель шаарлары ортосунда дос-браттык мамилелерди орнотуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Түштүк борбордун мэриясынын маалыматына ылайык, документке Ош мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко кол коюшкан.
Бул макулдашуу эки шаардын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бир нече негизги багыттар боюнча өнүктүрүүнү көздөйт:
- соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык;
- маданий-гуманитардык байланыштар;
- билим берүү, туризм жана башка маанилүү тармактар.











