Бишкеклик Толобай уулу Илгиз Kaktus.media редакциясына кайрылып, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов менен Улукбек аттуу таанышы тарабынан алдамчылыкка кабылганын билдирди.

Арыз менен кайрылуучунун айтымында, ал «Дордой» районунда базар куруу максатында 2 миллион доллар инвестиция кылган. Келишимдин алкагында келечектеги базардан соода орундарын берүү же акчаны кайтаруу үчүн жалпы баасы 3,4 миллион доллар турган үч объектти кепилдик катары коюп берүү убадаланган.

2 000 000берилген сумма (доллар)
3 400 000кепилдик катары сунушталган мүлктүн баасы (доллар)
50 000кайтарылган сумма (доллар)

Илгиздин айтымында, акча берилгенден кийинки алгачкы үч-төрт ай ичинде эч кандай жыйынтык болгон эмес. Бирок бир жылга жакын убакыт өткөндөн кийин, ага болгону 50 миң доллар гана кайтарылган. Азыркы учурда ал жабырлануучу катары акчасын толук кайтарып алууну жана жоопкерчиликтен качууну көздөгөн адамдарды жазалоону каалайт.

Алар менен Манап байке аттуу жалпы тааныш аркылуу таанышканын билдирген арыз ээси, ал ортомчу катары гана чыкканын белгиледи. Акча берүү алдында мүлктөрдү жеке өзү көрүүнү пландаган, бирок ошол учурда кээ бир кыйынчылыктар жаралган, ошентсе да ал убадаларга ишенип, каражатты берген.