Кыргызстандын Баткен облусу менен Беларусьнын Брест облусу соода-экономикалык, социалдык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кол коюп бектөөдө. Бул документ эки региондун ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууну ишке ашырууга багытталган. Бул тууралуу Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө билдиришти.
Кол коюу иш жүзүндөгү иш сапардын алкагында ишке ашты. Кыргызстандык делегация учурда Беларусьда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны жана Биринчи кыргыз-белорус региондор форуму өтүүдө.
Кыргызстандын делегациясына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жетекчилик кылып жатат. Делегациянын курамына Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүсүнүн орун басары Максатай Каримбердиева да кирген.
Брест облусуна барганда Максатай Каримбердиеваны аймактын жетекчилигинин өкүлдөрү тосуп алышты. Социалдык маселелер боюнча губернатордун орун басары Виктор Рафалович жана облустук аткаруу комитетинин экономика комитетинин төрагасынын орун басары Иван Красовский Барановичи шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт мекемелеринин иши менен тааныштырышты.
























