Ош шаарында жаштар үчүн чоң майрамдык иш-чара болуп өттү. Шаардын башкы аянтында «Евразия» коомдук фонду менен Кыргызстандын жаштар кыймылы тарабынан уюштурулган «Кыялымдагы Кыргызстан» форуму өткөрүлдү.
Форумдун алкагында өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген жаштар чогулуп, өз идеяларын бөлүшүп, маанилүү маалыматтар менен таанышты. Иш-чаранын программасы абдан кызыктуу жана мазмундуу болду.
Сахнада кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары чыгып, жаштар үчүн концерттик программа сунушташты. Ошондой эле «Сен суперсү! Кыргызстан» долбоорунун катышуучулары болгон Чолпонай Нусубалиева жана Алихан Мейманов өз чыгармалары менен өзгөчө таасир калтырышты.






