12-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын калкы менен жолугушууда Сулайман-Тоо музейдик комплексин шаардын балансына өткөрүп алуу идеясы көтөрүлгөн. Бул сунуш жергиликтүү тургундар тарабынан берилди.

Сулайман-Тоо боюнча биз бул маселени 5 жылдан бери көтөрүп келе жатабыз. Ар бир жылдын июль айынан баштап тоо саргырап, эч ким ага кам көрбөйт. Маданият министрлиги бул маселеге кайдыгер мамиле кылат. Музейдин кызматкерлери акча чогултуудан башка иш менен алектенбейт. Сиздер тоону мэриянын балансына алууңуздар керек. Аны көрктөндүрүү зарыл.
Ош шаарынын тургуну

Тургундардын айтымында, тоонун абалына кам көрүлбөгөндүктөн, жай айларында өсүмдүктөр саргырап калат. Ошондой эле, 2023-жылы жолдорду кеңейтүү иштери жүргүзүлгөндө Г.Айтиев көчөсүндөгү айрым үйлөр бузулуп, компенсация төлөнбөй калганы да кошумча маселе катары көтөрүлдү.

Муниципалитеттин башчысы Жанар Акаев Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргендиктен, мэриянын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул маселе маданият министринин карамагында турат.

Өкмөттүн деңгээлинде дагы чектөөлөр бар экени айтылды. Мисалы, тоону көрктөндүрүү үчүн бак-дарак отургузуу идеясы дагы макулдук алууда кыйынчылыктарды жаратууда. Сулайман-Тоонун капталдарына бак отургузуу боюнча сунуштар ишке ашпай жатат, анткени суу куюп жатканда тоонун катмары бузулуп кетиши мүмкүн.

Жанар Акаев келечекте тоону шаардын балансына алып, аны өнүктүрүү керектигин, бирок бул иштердин кафе же ресторан ачуу эмес, тоонун табигый абалын сактап өнүктүрүү экенин тактады.