Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды жана жабдууларды тапшырды. Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Баур катышты.
Белгиленгендей, бул техникалар Европа Биримдигинин жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен гранттык негизде алынган. Жаңы жабдуулар шаардагы таштандыларды башкаруу системасын модернизациялоого багытталган.
Иш-чаранын алкагында Жанарбек Акаев менен Йоханнес Баур катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорунун учурдагы абалын жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулашты.
Аталган долбоор 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында ишкананын базасы жаңыланып, шаарда 300 контейнердик аянтча уюштурулган. Учурда жаңы санитардык полигонду куруу иштери уланууда.











