Оштогу бир нече тез тамактануучу жайлар убактылуу жабылды. Мэриянын маалыматы боюнча, бул иш 13-июлдан тарта башталган рейддер учурунда санитардык талаптар бузулгандыгы жана азыктардын сапатын тастыктаган керектүү документтердин жоктугу аныкталган.

Текшерүү комиссиясына оорулардын алдын алуу борборунун адистери, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү кирген.

Тиешелүү объектилер толук талаптар канааттандырылганга чейин өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууга мажбур болду.

Андан тышкары, комиссия мыйзамсыз иш-аракеттерди да выявилаган. Бул фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Айрым мекемелердин жетекчилери коомдук жайларды жуугандан жана дезинфекциялоодон өткөрүүдөн өтүүнү тапшырылган.