Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаардык ИИБ кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барышты. Бул убакыт ичинде ар кандай укук бузуулардын жагдайларын тактоо үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына 260ден ашык адам жеткирилди.
Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 3,2 миңден ашык укук бузуу боюнча протокол түздү.
Рейддин жыйынтыктары
Атап айтканда, мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата 107 протокол түзүлгөн. Ошондой эле атайын айлыш токтотуучу жайларга 590ден ашык автотранспорт каражаты жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, белгиленбеген жерлерде тамеки чегүү боюнча 14 протокол катталган. Ведомство берген маалымат боюнча, дем алыш күндөрү кылмыштардын 20дөн ашыгы ыкчам тартипте ачыкка чыгарылды. Ал эми соттун чечимдери боюнча ар кандай укук бузуулар үчүн 30ден ашык жаран Бишкек шаардык ИИБнын атайын кабыл алуучу жайына жабылды.











