Ош шаарында жылуулук берүү иштери башталды. Nomad басылмасынын маалыматына ылайык, 2-ноябрдан тарта билим берүү, медициналык жана башка социалдык мекемелерге жылуулук бериле баштады.
Турак үйлөргө жылуулук 4-ноябрдан тарта этап-этабы менен бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык бийлик маалымдады.
Учурда жылуулук берүү системалары ишке киргизилип, жашоочуларга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.












