6-ноябрда өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан «ЭкспоСтрой» компаниясынын курулуш объектисинин тегереги кир жабыркап турганын аныктаган. Инспекциянын маалыматы боюнча, курулуш иштери учурунда көчөнү кир жабыркатуунун алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес.
Укук бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 177-беренесинин 2-бөлүгүн негизинде административдик протокол түзүлдү. Курулуш компаниясына 230 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
23 000 сом айып пул
«ЭкспоСтрой» компаниясына курулуш аймагынын тазалыгын сактабагандыгы үчүн салынган сумма
«ЭкспоСтрой» компаниясы Ош шаарында Гапар Айтиев көчөсүндө «Sulaiman Mall» соода борборун куруп жатат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасына таянса, «ЭкспоСтрой» ЖЧКсынын жетекчиси Рамис Алимжанович Казаков, ал эми негиздөөчүсү Кубанычбек Бексултанович Тулеев болуп эсептелет. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү кыймылсыз мүлктү башкаруу болуп саналат.
- 2022-жыл, 10-июнь
Компания расмий түрдө катталган
- 2026-жыл, 19-январь
Компания кайра каттоо процедурасынан өткөн












