Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстан аркылуу өтүүчү Ортолук жолдо транспорттук документтердин санариптештирүү деңгээлин аныктады. Бул көрсөткүчтөр Кытай менен чек арадагы «Иркештам» өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлгөн автоташууларга жана Ош станциясындагы жүктөрдү кайра жүктөө процессине негизделген.

Министрликтин Бажы саясатын жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самыкбаевдин билдирүүсүнө караганда, 2025-жылдын башына карата электрондук документтердин колдонулушу ар кайсы деңгээлде болгон.

Санариптештирүүнүн деңгээли

60%eCMR (электрондук накладной)
50%eTIR
20%электрондук инвойс

Автоунаалар аркылуу жүк ташуу приоритетүү болуп саналат, анткени 2024-жылы Кыргызстандын импортунун 70%дан ашыгы автотранспортто болгон. Ал эми темир жол жана авиациялык жүк накладнолары, таңгак баракчалары жана камсыздандыруу документтери азырынча электрондук форматта колдонулбайт.

Негизги максат жана регионалдык кызматташтык

Айдарбек Самыкбаевдин айтымында, ар бир критерий боюнча максаттуу көрсөткүч 100% түзүшү керек. Кыргызстандын демилгеси менен Борбордук Азия өлкөлөрүндө электрондук соода документтерин алмашуу жана өз ара таануу боюнча келишимди даярдоо үчүн атайын жумушчу топ түзүлүүдө.

Негизги маселе технологияда эмес, ишенимде: кошуна өлкөлөрдө документтерди таануу үчүн электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жана ишенимдүү үчүнчү тараптын укуктук статусу керек.
Айдарбек Самыкбаев

Ошондой эле, Экономика министрлиги БУУнун тиешелүү түзүмдөрүнө маалымдады. Кыргызстан 2027-жылы БУУнун жүгүртүүчү жүк документтери жөнүндө конвенциясын талдоодон өткөрүп, андан кийин ага кошулуу же кошулбоо чечимин кабыл алат.