Ош шаарында жарандар жана коноктор үчүн дагы бир эс алуу жайы пайда болот. «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында, И. Раззаков менен Ж. Касымбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скверди ачуу пландалууда.
Шаардык мэриянын билдирүүсүнө ылайык, учурда ал жерде иштердин акыркы этаптары жүрүп жатат. Атап айтканда, аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана асфальт төшөө иштери аякталышы керек.
Бардык иштер бүткөндөн кийин, жаңы эс алуу зонасы Оштун тургундары жана шаарды кыдырып жүргөн коноктор үчүн жеткиликтүү болот.
















