Бөлүнүп жаткан жер участогу № 172 контурда жайгашкан жана муниципалдык менчик болуп саналат. Аталган жер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которулат.
Бул чечим Бишкек мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы токтомунун жана жер участокторун трансформациялоо боюнча комиссиянын 2026-жылдын 25-июлундагы корутундусунун негизинде кабыл алынды.
Бишкек мэриясына бул жерди максаттуу пайдаланууну камсыздоо, шаар куруучулугу боюнча документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтирүү талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө тапшырылды.
Административдик имаратты куруунун баасы жана аны куруу мөөнөттөрү документте көрсөтүлгөн эмес.











