7-11 август аралыгында Ош шаарынан 40 билим берүү кызматкери Ысык-Көлдөгү «Август» эс алуу борборунда жайкы эс алууну өткөрүүдө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги бул тууралуу билдирген.

Бул былтыркы пландын алкагында уюштурулган 6-чи топ болуп саналат. Мындан мурун беш топ аркылуу Жалпысынан 275 мугалим Ош шаарынан эс алышкан.

Иш-чара Ош шаарынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик союзунун комитети тарабынан уюштурулган.

Эс алуу учурунда мугалимдерге ден соолугун чыңдоо, моральдык дем алуу, күч топтоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ар кандай оюндар жана көңүл ачуу программалары уюштурулуп, билим берүү темасында суроолор жана жооптор боюнча викторина өткөрүлгөн, бул болсо жылуу жана жагымдуу атмосфераны жаратууга шарт түзгөн.

Эс алууга келген билим берүү кызматкерлери уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, мындай иш-чаралар мугалимдер ортосунда достукту бекемдеп, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилешти.