Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын педагогдорунун кесиптик тажрыйба алмашуусу боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чарага эки өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген окутуучулар катышты.
Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, катышуучулар окутуунун заманбап методдору менен гана чектелбестен, балдардын сабакка болгон кызыгуусун кантип арттыруу жана кесиптик чарчоодон кантип сактануу керектиги маселелерин да талкуулашты.
Жолугушуунун негизги максаты — алынган билимдерди жана тажрыйбаларды иш жүзүндө колдоно алуу болуп саналат.








