Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин базасында Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мектеп мугалимдери үчүн атайын окутуу программасы башталды.
Бул окутууну «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борбору жана билим берүү инновациялары колледжи уюштурууда. Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош билим берүү институту менен макулдашуунун негизинде өткөрүлүп жатат.
Курстардын ачылыш ачылышында университеттин илим боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Атабеков, университеттин илимий-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Ч.К. Райымбаев жана башка адистер чыгып сүйлөштү.
Сүйлөөчүлөр бул долбоорлор Кыргыз Республикасынын 2021–2040-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү программасына жана мектепте 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясына ылайык билим берүүнү санариптештирүүгө багытталганын белгилешти.























