Санкт-Петербургда 3-14 август күндөрү орус тили жана адабиятын окутуучулар үчүн жайкы мектеп уюштурулду. Бул окууга Европа, Азия жана Африкадан жалпы 24 өлкөдөн 85 мугалим катышты.
Кыргызстандын атынан 8 мугалим бул мектепте кесиптик деңгээлин көтөрүп, заманбап методика менен таанышып, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен тажрыйба алмашты.
Мектеп Санкт-Петербургтын тышкы байланыш комитети, Россотрудничество, «Орус дүйнөсү» фонду жана Санкт-Петербург мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.














