2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан боюнча 837,8 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине караганда 7,5% өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Турак жайдын ичинен 37,2%ы Бишкекте жайгашкан, бул шаарда 311,7 миң чарчы метр турак жай курулду, ал эми өсүү 13,2%ды түздү.

Жалал-Абад облусу 167,7 миң чарчы метр турак жай менен экинчи орунда турат. Бул жалпы көлөмдүн 20%ын түзөт. Жалал-Абадда турак жай куруу көрсөткүчү 34,6%га өскөн.

Эң тез өсүү Жалал-Абад облусунда (34,6%) жана Баткен облусунда (30,7%) байкалды.

Ал эми кээ бир аймактарда турак жай куруу азайган. Атап айтканда, Ысык-Көл облусунда 24,4%, Талас облусунда 24,8%, Ош шаарында 24,2%га кыскарган.