Нарын облусундагы альтернативдүү Север—Юг автожолунун 173-чакырымында Howo маркасындагы жүк ташуучу унаа менен Lexus RX 450h кроссовер 15-июлда саат 15:20да кагылышты.

Бул жол кырсыгынан Lexus автоунаасын тээп бара жаткан эки адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган жана алар Дароо Жумгал райондук ооруканасына жеткирилди.

Кырсык Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, учурда окуянын себептери аныктоо максатында тергөө-оперативдүү иштер жүрүп жатат.