Бишкек шаарындагы №16 жана №73 мектептердин 10-классынын окуучулары Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын насаатчылыгына расмий түрдө кабыл алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Долбоордун алкагында мектептерде атайын укуктук-тартип класстары ачылып, окуучулар үчүн атайын формалар даярдалган. Мындан тышкары, окуучулар «Тартиптин жаш тескөөчүлөрү» катары Академиянын коомдук иштерине жана тарбиялык иш-чараларына катыша алышат. Алар милициянын тарыхы, каада-салттары жана ички иштер органдарынын кызматтары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Бул демилге ИИМдин Кылмыш иктөө башкы башкармалыгы жана Академия тарабынан биргеликте ишке ашырылууда. Алардын ортосунда «Жалпы билим берүү уюмдары менен өз ара кызматташуу концепциясы» иштелип чыккан.
Окуучулардын арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында интерактивдүү лекциялар, семинарлар жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.
Долбоордун негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мектептерде коопсуз чөйрөнү түзүү
- укук бузуулардын алдын алуу
- окуучулардын мыйзамга болгон урмат-сыйын калыптандыруу
Азыркы учурда бул тажрыйбаны келечекте өлкө боюнча бардык мектептерге жайылтуу пландалууда.
















