Нарын облусунун Жумгал районунда 13-июлда кечки саат 19:30дар чамасында альтернативдүү Север-Юг жолунда эки жеңил унаа сүзүштү.

Беш-Мойнок аймагында, Орнок жана Сары-Булун айылдарынын ортосунда, Hyundai Sonata жана Nissan Cefiro унаалары лоб в лоб кагылышты.

Окуяга күбөлөр билдиргендей, Hyundai Sonata каршы тилкеге чыгып, Nissan Cefiro менен кагылышкан.

Унааларда жалпы 8 киши болгон. Окуяга байланыштуу төрт адам райондук ооруканага, эки киши Казарман районуна жеткирилген. Алардын ичинен бирөө оор абалда.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө, кырсыктын себептери териштирилүүдө.