Ош шаардык прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Роман Курманалиев кылмыштан жапа чеккен адамдардын укуктарын коргоо маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Ал мамлекеттин укуктук процесстин бардык этаптарында жабырлануучулардын укуктарын коргоого кепилдик берерин баса белгиледи.
Прокурордун айтымында, Конституцияга ылайык, Кыргызстан — эгемендүү, демократиялык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет. Мамлекет жана анын органдары бүткүл коомго кызмат кылат.
Мамлекеттик бийлик өлкөдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктык принциптерине, ошондой эле алардын ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгына ылайык жүзөгө ашырууга негизделет.
Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат жана бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүнүн маңызын жана мазмунун аныктайт.
Кыргыз Республикасы өз аймагында жана юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кепилдик берет. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилденет.
Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс болуп саналат жана ар бир адамга төрөлгөндөн тарта таандык. Алар мыйзам жана сот тарабынан ар кандай кол салуулардан корголот.
Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине, жеке жана үй-бүлөлүк укуктарына кол салуу болгон учурда мамлекет сот аркылуу коргоону камсыз кылат. Прокуратура органдары мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, жабырлануучулардын укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.




















