Ош облусундагы борбордук оорукана 130 бирдик заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалмакчы. Бул грант Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги JICA тарабынан берилет жана жабдуулардын жалпы баасы 11,5 миллион АКШ долларын түзөт.

2026-жылдын 30-июлунда Ош облусундагы Жалпы клиникалык ооруканада Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жумушчу сапары менен болду. Сапарга Жогорку Кеңештеги "Ала-Тоо" депутаттык тобунун башчысы Таалайбек Масабиров жана башка депутаттар катышты.

Жабдууларды жайгаштыруу маселеси талкууланып, ангиограф жана компьютердик томография жайгаштырууга шарт түзүү максатында кошумча имарат куруу пландалып жатканы айтылды.

Ошондой эле Аманкан Кенжебаев жана депутаттар ооруканадагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүмдөр менен таанышып, медициналык кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Медициналык жабдуулардын саны

130жалпы жабдуу
31