Салтанаттуу ачылыш 7-октябрда өттү. Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, дарыгерлер жана коомдук ишмерлер катышты. Жаңы бөлүм оорукананын терапиялык профилдеги бейтаптарды кабыл алуу, дарылоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Төрт кабаттуу имараттын түзүлүшү
Жаңы корпустун жалпы аянты 1530 чарчы метрди түзөт. Ал төрт кабаттан турат жана ар бир кабаты өзүнчө милдет аткарат.
- Цоколдук кабатта лаборатория жайгашкан. Ал гематология, биохимия жана ИФА багыттарында иштейт. Ошондой эле кир жуучу жай, тамактануу бөлмөсү жана техникалык бөлмөлөр бар.
- Биринчи кабатта пландуу бейтаптарды кароо бөлмөсү, хирург, терапевт, ЛОР-дарыгер жана окулисттин кабинеттери орун алган. УЗИ жана ЭКГ кабинеттери, процедуралык бөлмө да ушул жерде.
- Экинчи жана үчүнчү кабаттарда түздөн-түз терапия бөлүмү жайгашкан. Бейтаптар үчүн палаталар, эки орундуу интенсивдүү терапия залы, процедуралык бөлмө, буфет, медсестралар посту жана ординатордук бөлмө каралган.
Мамлекеттин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкекте жана аймактарда медициналык объектилер курулуп, жаңыланууда
Бөлүм заманбап медициналык жабдуулар жана керектүү инвентарлар менен толук камсыздалган. Бул дарыгерлерге так диагноз коюуга жана сапаттуу дарылоо жүргүзүүгө шарт түзөт.
80 млн сом Долбоордун жалпы баасы
Курулуш жана жабдуу иштерине кеткен каражаттын толук суммасы.
Долбоорду каржылоону «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси өз мойнуна алды. Бул уюм буга чейин да бир нече социалдык долбоорлорду ишке ашырганы менен белгилүү.










