Окуя боюнча, шектүүлөр жабырлануучунун мобилдик түзмөгүн тартып алып, видеону жарыялоо менен коркутуп, акча талап кылышкан. Алар талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалышты.
Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар 2003-жана 2007-жылы туулган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүлөрдөн жабырлануучунун телефону жана газ-пневматикалык тапанчага окшош буюм табылып алынды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Кармалгандар









