Ош облусунда коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү ыкчам иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул иш-чаралар 25-27-ноябрь күндөрү өткөрүлүүдө.

Рейддин алкагында кылмыштуулук катталган аймактарда, базарларда, соода борборлорунда, автобекеттерде жана коомдук жайларда кайгуул кызматтары күчөтүлгөн. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев катышууда.

Рейддин негизги багыттары

  • Оор кылмыштарды ачуу жана издөөдө жүргөн адамдарды табуу
  • Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу
  • Мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо
  • Миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү
  • Мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу

Иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тартылган. Алар ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.