Манас шаарында жол кырсыгы болду. Turmush корреспондентинин күбөлөрдүн айтымына таянса, окуя 24-ноябрда саат 17:45дө Т. Балтагулов жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Кагылышууда «ГАЗ Соболь» жана «Хендай Гетц» автоунаалары катышкан. Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, тез жардам унаасы чакырыкка баратканда кырсыкка учураган.
Жалал-Абад облусунун жол кыймылын камсыздоо коопсуздугу бөлүмүндөгү маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Бул окуя Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук каттоо журналына катталган жана учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.











